www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай сурьма комбинатынын аймагынан сурма концентратынын ири партиясын уурдоо аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматка Кадамжай сурьма комбинатынын аймагынан 22,5 тоннадан ашык сурьма концентратын мыйзамсыз ташып чыгуу тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, сурьма өндүрүмүнөн кийинки чийки заттын баасы болжол менен 600 миң долларды түзөрү аныкталган.
Аталган факты боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Д.Д.С., О.А.Э. жана Б.М.К. аттуу КР жарандарынын ортосунда комбинаттын аймагынан сурьма концентратын уурдап, андан ары сатуу аракеттерин көрүү боюнча кылмыштуу бүтүм түзүлгөнү аныкталган.
Учурда УКМК тарабынан күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз сатууга байланышкан башка фактыларды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралары уланууда.