www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача тилкесине мамлекеттик актыны берүү үчүн Кыргыз жараны К.П.К.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

"Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (кызмат адамы тарабынан пара талап кылуу) боюнча УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2022-жылдын 3-августунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. такталган.

28-июлда УКМКга К.П.К. аттуу Кыргыз жараны арыз менен кайрылган. Анда ал белгиленген иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн.

3-августта «Кадастр» мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости