www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Кара-Кечедеги жаңжал боюнча үн катты

УКМК Кара-Кече көмүр кениндеги чыр боюнча социалдык тармактарга тараган видеого комментарий берди.

Аталган видео караңгыда тартылып, эмне болуп жатканы көрүнгөн эмес. Бирок кыйкырып, жаңжалдашып жаткандар угулган. Бул учурда ок атылганы да айтылган, бирок кадрдан октун үнү угулган эмес.

УКМК кечээ, 22-декабрда, Кара-Кече көмүр кенинде кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер жаңжалды жөнгө салганын билдирди.

"Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айдоочулар "Альфа" кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты. Учурда абал туруктуу", — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта кенде көмүр казуу иштери жүрүп жатканы жана бул жагдай боюнча укук коргоо органдары жеринде чоо-жайын тактоого киришкени белгиленди.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров саботаж жана башаламандыктардан улам кенди кайтарууга УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлеринин 12 кызматкери жөнөтүлгөнүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости