www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК:  Кара-Суу районунда айыл өкмөт башчы кармалды

УКМК Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январь күнү УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев кармаган.

"Шектүү айыл башчы Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкташтырылган орто мектептин курулушу учурунда аткарылган жумуштардын көлөмүн жалпысынан 24 миллион сомдон ашык көрсөткөн. Ошондой эле ал башка жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз бүтүрүлгөн мектепти пайдаланууга беришкен деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылдын 18-ноябрында УКМК Кара-Суу районунун Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган. УКМКнын маалыматына ылайык, өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн.

Окуядан соң Мунарбек Сайпидинов туугандарына жана Турганбаевдин апасына орой мамиле жасалды деп УКМКнын кызматкерлерин айыптап, Камчыбек Ташиевга видеокайрылуу жасаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 


 

Последние новости