www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Бекболот байке, алгач өткөн жылга баа бере кетсеңиз?
- Оор жыл болду. Пандемиянын айынан көп адамдардан айрылдык, экономика артка кетти, жакырчылык күч алды. Ошону менен катар 5-октябрда кыргыздын мекенчил жаштары элибизге чоң жеңиш тартуулап, келечекке үмүт жаратышты.
Айтсак, «ал күнү жаштар шайлоонун ыплас өтүшүнө нааразы болуп бийликти алмаштырышты» деген жүйө – бул чолок көз караш. Эгер пандемия карантини болбогондо жаштар бийликти жазында эле куумак. Бул көпчүлүккө жашыруун эмес болчу.
Мисалы, мага жыл башынан бери эле көптөгөн жаштар «биз бул бийликти күзүндө, парламенттик шайлоонун эртеси күнү кууйбуз» деп айтып келишкен. Бул чындыкты көз-кулагын таңып алган бийлик гана көрбөй, билбей келди.
- Анда 5-октябрдагы төңкөрүштүн нагыз, түпкү себебин кандай бааласак болот?
- Нагыз себебинин «үрөнү» 2010-жылдагы Баш мыйзамда эле камтылган. Шашылыш, чала-була даярдалып, агездеги оор жагдайда кабыл алынган, «парламенттик башкаруу тандалды» делген Баш мыйзам, аныгында анархиялык башкарууну Кыргызстанга таңуулап киргизди. Мен бул маселе боюнча талдоомду жети жыл мурда дал сиздердин гезитке берген маегимде кеңири чагылдыргам.
Эске салсам, анархиялык башкаруу идеясы өткөн кылымдын башында Россияда туулган. Анархисттер «мамлекеттик күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар кандай жааттарга (партияларга), топторго чачырашы зарыл» деп эсептешкен. Алардын башкы девизи: «Анархия – мать порядка!» болчу. Ошол 2010-жылдагы Баш мыйзамга ылайык, биз он жыл аралыгында анархиялык (башаламан, чакчелекей, жоопкерсиз) мамлекеттик түзүлүштө жашап, иштедик. Он жыл бою мамлекеттин дөңгөлөгү тескери айланып келди.
Жаштар 5-октябрда ыплас парламенттик шайлоого эмес, башкысы – ошол анархиялык системаны кулатуу үчүн күрөшкө чыгышты.
Тарыхка кайрылсак, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин псевдопарламенттик Францияда анархия 13 жыл созулган. Эгер биздин баатыр жаштарыбыз күрөшкө чыкпаганда, анда биз дагы да көп мезгилде кыргыздын «сусаниндери» тыккан сазда жатмакпыз.
- Сиз жаштардын төңкөрүшүнөн туура бир ай өткөндө (5- ноябрь) бизге маек берип, «учурда жаштардын жеңиши токсон пайызга жок болду» деп айттыңыз эле. Деги эле 5-октябрдан тарта окуялар кандай өңүттө жүрүүдө?
- Төңкөрүштүн алгачкы күндөрү жаңы лидерге айланган Садыр Жапаровдун «баардык иш-аракетти мыйзам талаасында жасайлы» деп кайта-кайта айтып жаткан сөзү коомчулукка жагып жатты. Ал учурдун башкы эки талабы – бул, биринчиден, туруктуулук орнотуп, элдин жашоо көйгөйлөрүн чечүү, жана экинчиден, анархиялык Баш мыйзамды өзгөртүп, жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкарууга өтүү эле. Ал кезде баарыбыз эки жолду көрүп турганбыз.
Биринчи жолу – анархиялык Баш мыйзамдын талабына убактылуу баш ийип, алгач 20-декабрда парламенттик, андан соң 10-январда президенттик шайлоону өткөрүү. Андан кийин жаңы парламент жана жаңы президент конституциялык кеңешме түзүп, Баш мыйзамдын эки вариантын (парламенттик же президенттик башкаруу боюнча) жалпы элдик референдумга алып чыгуусу. Кабыл алынган жаңы Башмыйзамга ылайык 2021-жылы күзүндө же 2022-жылы жаңы шайлоолорду өткөрүү.
Экинчи жолу – төңкөрүштүн «мыйзамдарын» пайдаланып, парламенттик жана президенттик шайлоолорду жылдырып, алгач конституциялык кеңешме түзүп, Баш мыйзамдын эки вариантын (парламенттик же президенттик башкаруу боюнча) иштеп чыгып, кеңири талкуулап, жалпы элдик референдумда бир вариантын кабыл алып, андан соң шайлоолорду өткөрүү.
Бирок, тилекке каршы, коомчулукту таңгалдырып, аталган эки жолдун бирөөсү да тандалбады. Анын ордуна «түшүнүк мыйзамы» ишке киргизилип, парламенттик шайлоо жылдырылып, ал эми президенттик шайлоо өткөрүлмөй болду. Бул жагдай – өкмөт башчысы, президенттин милдетин аткаруучусу Садыр Жапаровдун депутаттар менен тыгыз кызматташып, алар таңуулаган сценарийге өткөнүнүн кесепети.
«Чимкирик» парламент ал кесепет менен эле токтоп калган жок. Убактылуу өкмөт 2010-жылы кандай шашып, чала-була иш жасаганын кайталап, азыркы депутаттар да 10- январдагы президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду өткөрүүгө кокусунан чечим кабыл ала салышты. Бул кесепет чечими менен парламент кыргыз элинин келечегине балта чаап, алдыдагы жолду караңгылатышты.
- Түшүндүрсөңүз? Кантип «кокусунан» деп айтабыз? Мамлекеттин башкаруу формасын тандоо боюнча жалпы элдик референдумду 4-октябрдагы парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү демилгесин өткөн жылы жазында эле ал кездеги депутат Курманкул Зулушев көтөрүп чыкпады беле?
- Эгер ошондо парламент Зулушевдин демилгесин колдоп, чечим кабыл алганда, анда болжолу 5-6 ай түшүндүрүү, талкуу иштери жүргүзүлүп, элибиз терең билип, ынанып тандоо жасамак. Ал эми азыр кандай тандоо боюнча сөз кыла алабыз? Убакыт жокко эсе. Элибиздин кеминде токсон пайызы жакшы түшүнгөн жок. Бул жолку тандоо кайрылыш жолго кабылган жолоочуга «оңго барасыңбы же солго барасыңбы?» дегендей эле нерсе. «Оң жакта» эмне бар, «сол жакта» эмне бар, эч ким анык, терең билбейт.
Ошентип, бул парламент отуз жылда бир келген тандоо мүмкүнчүлүгүнөн элди куржалак калтырып, кезектеги көнүмүш кастык ишин жасады.
- Ошондо көпчүлүктүн маанайы кандай? Референдумда кандай жыйынтык болот?
- Он жылдын ичинде Кыргызстанда эч кандай парламенттик башкаруу болбогону учурда жалпыга маалым. Соңку эки парламент, эки президент бизде орнобогон парламентаризмди элге толук жек көрүндү кылып салышты. Демек, референдумдун жыйынтыгын айтыш үчүн көз ачыктык кылыштын кажети жок. Элдин көпчүлүк добушу менен президенттик башкаруу формасы тандалат.
Бул – учурдагы анархиялык системага салыштырмалуу алдыга бир кадам жылуу. Анткени, анархиялык системада жок кылынган мамлекеттик жоопкерчилик киргизилет. Эл турмуштун жакшырышына да, начарлашына да жоопкерди билишет. Ал, албетте, жалпы эл тарабынан шайланган өлкөнүн президенти. Ошону менен катар, эгер чыныгы парламенттик системага салыштырсак, анда президенттик системага өтүү – бул бир нече кадам артка кайткандык. Анткени, өзүбүздүн эле тарыхыбыз көрсөткөндөй, президенттик башкаруу – бул кечээки күн.
Кыргызстан эгемен өлкө болгондо, 90-жылдары, 70 жыл совет бийлигинде жогортон түшкөн буйрукка гана моюн сунуп, жашап-иштеп көнгөн, «эркиндик» дегенди көрбөгөн-билбеген кыргыз элин демократиялык коомго, рынок экономикасына багыттоого, өткөрүүгө президенттик башкаруу керек болгон. Ал система өзүнүн тарыхый миссиясын өтөп бүткөн.
Ал эми учурда, эгемендиктин отузунчу жылында, кыргыз эли эркин ойлонгон, эркин жашапиштегенге көнгөн, эркиндикти барктаган эл. Эркин элге президенттик башкаруунун, бир адамга үмүт артуунун, аны кумир тутуунун зарылчылыгы жок. Анын жакшы жагынан кесепеттери көп. Ал система сазга тыгылган өлкөнү өнүгүү жолуна чыгара албайт. Кыязы, бизге кетменди дагы бир ирет басуу тагдыры буюруп турса керек. Макул эми, көксөөбүз биротоло суусун. Айтарым, тилекке каршы, жакынкы келечек бүдөмүк, караңгы.
- Демек, сиз референдумда парламенттик башкаруу формасына «макул» деп добуш бересизби?
- Жок, андай элге кас референдумга катышпайм. Фантастикалык жыйынтык болуп, парламенттик башкаруу формасы тандалса деле, анда кандай Башмыйзам иштелип чыгарылары белгисиз да. Дагы эле 2010-жылдагы Баш мыйзамдын башкача көчүрмөсү болуп калышы мүмкүн.
- Айрым саясатчылар «конституциялык реформанын зарылчылыгы жок. Баш мыйзам – бул болгону бир китепче. Негизги маселе ыйманды сактабаган, мыйзамды аткарбаган өзүбүздө» деп жатышпайбы?
- Андай пикирге кошулбайм. Жөнөкөйлөтүп айтайынчы. Мисалы, Бишкектин көчөлөрүндө миңдеген адамдар машина айдап жүрүшөт. Айдоочулардын «Баш мыйзамы» – бул жолдо жүрүүнүн эрежелери. Эми элестетели, ал эрежелерди жокко чыгаралы, светофорлорду алып, маичилерди жоёлу. Анан айдоочулардан «бири-бириңерди сыйлап машина айдагыла» деп сураналы. Жыйынтыгы кандай болот? Өзүңөр чыгаргыла.
Демек, бизге мыкты Баш мыйзам сөзсүз керек. Ал мамлекеттүүлүктүн, образдуу айтсак, «фундаменти». Ал эми «пайдубалы» – ошол Баш мыйзамга ылайык мамлекеттик институттардын, кадрлардын натыйжалуу иш алып баруусу, өлкөнү өнүктүрүүсү. «Чатыры» – элибиздин маданияты, ыйманы, мыйзамды сыйлоосу.
- Эгер биз парламентаризмди башыбыздан өткөрбөсөк, анда сиздин көз карашта, кандай анык парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек эле?
- Жакшы суроо. Себеби бул маселе кыргыз мамлекетинин тагдырын чече турган талылуу маселе катары дагы эле кала берет. Кечиккен күндө да 5-6 жылдан соң буга кайра кайрылабыз. Дароо айтып кетейин. Мен конституциялык реформа боюнча дасыккан адис эмесмин. Андай инсандар бизде жетиштүү.
Мисалы, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Абдыганы Эркебаев, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Зайнидин Курмановдор. Ошентсе да, өз ой-пикиримди айта кетейин.
Биринчиден, парламенттик системада президенттик кызмат же жок болуш керек (мисалы, Сингапурда отуз жыл ал кызмат болгон эмес), же президент элдик курултайда делегаттар тарабынан мамлекеттик бийликтин символу катары гана шайланышы керек.
Экинчиден, парламенттин иштөө мөөнөтү төрт жыл менен чектелиши зарыл.
Үчүнчүдөн, парламенттеги орундардын саны, мисалы, жүз болсо (Кыргызстанга оптималдуу), анын болжолу төрттөн бир орунуна бир мандаттуу округдардан партияда жок жарандар шайланып келишип, парламентте өз алдынча бир фракция түзүшү керек.
Төртүнчүдөн, парламенттик шайлоо ачык партиялык тизме (преференциялык ыкма) менен өткөрүлүшү зарыл.
Бешинчиден, премьер-министр болуп башкаруучу коалициянын жана бир партиянын лидери гана шайланышы керек.
Алтынчыдан, башкаруучу коалицияга киришкен партиялардын мамлекеттик органдарды «устукандап» бөлүштүрүүсүнө бөгөт коюлуп, премьер-министрге жооптуу кызматтарга өнөктөш партиялардын татыктуу кадрларын дайындашына мүмкүнчүлүк берилиши зарыл. Булар парламенттик башкаруу системасынын негизги көрсөткүчтөрү, сапаттары. Парламентаризмдин аталган сапаттары Кыргызстан башынан өткөргөн он жылдык жалган «парламенттик» башкаруусунда болгон эмес. Чыныгы парламенттик системаны соңку жыйырма жылда бийликтин чокусуна ээн-эркин жайгашып алышкан олигархтар, бажыбарондор, алкомагнаттар, коррупционерлер, базарком, сутенёр жана башка учурдагы кыргыздын «элитасы» Кыргызстанга эч ыраа көрүшпөйт жана киргизишпейт.
Эгер чыныгы парламентаризмге өткөн болсок, анда кыргыз элинин канын тынымсыз соруп келе жаткан «элитанын» бейиштей жашоосуна доо кетип, алардын көпчүлүгү саясый аренадан биротоло кетүүгө аргасыз болушат. Демек, баатыр кыргыз жаштарынын алдында дагы эле далай түйшүк, күрөштөр турат.
Булак: «Азия News» гезити