www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК иликтеп жаткан кылмыш ишинин алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын директору Кантемир Мурзабеков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме 17-июнда кабарлагандай, ал 15-июнда кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Маалыматка ылайык, шектүү Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жеткирилген көмүрдүн сапаты боюнча лабораториялык изилдөө корутундусун жасалмалоо жана чыныгы көрсөткүчтөрүн жогорулатып көрсөтүү схемасын уюштуруу фактылары боюнча иликтенип жаткан иштин алкагында кармалды.

"Ошондой эле М.К.З. жыл сайын жылытуу мезгилине даярдык көрүү алкагында ЖЭБге көмүр жеткирүүчү жеке компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, алардын ишмердүүлүгүн колдогону аныкталган. Анын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында ЖЭБдин техникалык жабдууларына олуттуу зыян келтирилип, Бишкек шаарынын экологиясына терс таасир тийгизилген", - деп жазылган маалыматта.

61 жаштагы Кантемир Мурзабеков 2013-жылы Жогорку Кеңешке "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган.

Последние новости