www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарындагы пляж аймагында темир чынжыр менен бекитилип турган Yamaha үлгүсүндөгү катердин уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт Ысык-Көл РИИБдин электрондук каттоо журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Чүй облусунун тургундары — 2003-жылы туулган С.А. жана 1993-жылы туулган Г.Е.ни кармашты.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүлөргө карата бир айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.