www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди

УКМКнын маалымат кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Камчы Көлбаев соттун чечими боюнча 22-мартка чейин камакта болмок. Бирок анын жактоочусу апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот кечээ, 2-мартта карап аны эркиндикке чыгарган.

"2-март күнү Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жактоочунун жүйөөлөрүн жана иштин учурдагы жагдайларын эске алып, жактоочунун арызы канааттандырылып, Камчы Көлбаевге карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Тактап айтканда анын жашаган жери Чолпон-Ата шаары болгондуктан, ал жактан чыкпоо жөнүндө милдеттенме алынды. Ага жоопкерчиликти УКМК жеке көзөмөлүнө алды. Ошол эле учурда, тергөө органы ага көрсөтүлгөн милдеттенмени бузган учурда, ага карата катуу чарасы колдонулары түшүндүрүлдү.

«УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык болгон. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которушкан. Калган сумманы Көлбаев 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек.

УКМК жогорудагы кылмыш иштер боюнча тергөөнүн жыйынтыктарын коомчулукка маалымдап турат жана кримтөбөл тарабынан туура эмес аракеттер болгон учурда мыйзамда каралган чараларды көрөт", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости