www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин өкүлчүлүгүнүн жардамы менен уурулук, алдамчылык жана башка кылмышка шектүү болуп изделип жаткан, жоопкерчиликтен качып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө укук коргоо органдары тарабынан ар кандай жасаган кылмыш иштери үчүн изделип, Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн кылмышка шектүү адамдарды издөө жана кармоо боюнча иштерди улантууда.

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү  2021-жылдын эки айынын ичинде  Россия Федерациясынын аймагында  жашынып жүргөн бир нече жарандарды аныктады. Алардын бардыгы мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

- Кыргыз Республикасынын 1974 жылы туулган жараны М.Б., Жалал-Абад областынын Сузак районунун тургуну кармалды. Ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милиция тарабынан КР ССРнин  кылмыш кодексинин (мурдагы эски редакциясы) 229-берененин 3-бөлүгү боюнча (Курал жарактарды, жардыруучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү сактооо жана колдонуу) изделип жаткан. Кылмыш иши 1996-жылы катталган.

Ошондон бери бул жаран сот органдарынан жашырынып келген. Изделип жаткан жаранды Кыргыз Республикасына алып келип жоопкерчиликке тартууга болгон күч аракеттер жумшалды.

- Жалал-Абад областынын Сузак районунун тургуну 1969 жылы туулган М.Я кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүндө «алдамчылык» (эски редакциясы) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн  Жалал-Абад ШИИБи тарабынан изделип келген.

- Чүй областынын тургуну 1960-жылы туулган (аял киши) жаран А.Г кармалган. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүндө «алдамчылык»  (эски редакциясы) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн2011-жылдан бери Москва РИИБи тарабынан изделип келген.

Талас областынынын тургуну 1979-жылы туулган К.Н кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүндө «алдамчылык» (эски редакциясы) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдан бери Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБиси тарабынан издөөдө жүргөн.

- Издөөдө жүргөн Нарын областынын Кочкор районунунда 1967-жылы туулган К.А кармалган.

Бул жаран Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүндө (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) (эски редакциясы) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Кочкор РИИБиси тарабынан изделип келинген.

- Жалал-Абад областынын Сузак районунун тургуну 1992-жылкы туулган А.Н кармалды. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Баардык кармоо фактылары боюнча издөөгө жарыялангандар кабардар болушту. Издөөгө алынып кармалган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартыш үчүн аларды мекенине жиберүүгө керектүү аракеттер жазалып жатат.

Мындан тышкары Талас областында 1979-жылы туулган (аял киши) жаран О.М кармалган, ал Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүгүндө «урдоо» көрсөтүлгөн кылмышты жазагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Свердлов РИИБиси тарабынан издөөдө жүргөн.

2019-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарындагыбатир уурулук жасап, акчалай каражаттарды, баалуу буюмдарды урдоого катышы бар. Изделип жаткан жаран 2021-жылдын февраль айында Москва областынын аймагында ушуга окшош  кылмыштарды жасоого шектелип жергиликтүү укук коргоо тарабынан кармалды.

Белгилүү болгондой, ал 2020-жылдын ноябрь айында Москва шаарында акча каражаттарын жана норка шуба уурдоого шектелүүдө. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, ал жаранды өз мекенине кайтаруу маселеси, чечим чыгып жазасын өтөгөндөн кийин каралат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости