www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажырады

Жогорку сот парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Чынара Мамытканова билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Анын айтымында, Текебаевдин мандатына байланыштуу соттук отурум бүгүн, 3-мартта, болгон.

«Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкан Бишкек шаардык административдик соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды», — деди маалымат катчы.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев өзүнө карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, иш кайра башынан кароого жөнөтүлгөндөн кийин БШКга кайрылып мандатын кайтарып алган.

Бирок, активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган.

Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтарып алуу боюнча БШК берген токтомду өткөн жылдын ноябрь айында жараксыз деп тапкан.

Эске салсак, декабрь айынын соңунда административдик соттун чечимин шаардык сот дагы күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости