www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери опузалап пара алган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айында прокуратурага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Н.Б. арыз менен кайрылган. Анда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу үчүн андан 25 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене "опузалап пара алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"ИИМдин кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган. Мындан аркы жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин жетекчилигинин орун басары Т.А. кармалды. Кармалган кызматкерлер Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости