www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору каралууда. Анда депутат Жанар Акаев азыркы Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы айрым беренелерге каршы пикирин билдирди.

«Эгерде мен 80 депутат бул мыйзам долбооруна эмес, башка мыйзам долбооруна кол койгонун далилдесем, сиз эмне кыласыз? Депутаттар дагы бир мыйзам долбооруна кол коюшту. Бул үчүн сиз жооп бересизби?», – деп суроо салды эл өкүлү.

Ага жооп берген Турусбеков: «Эгерде депутаттар кол тамгаларынан баш тартышса … Жок, бардык депутаттар ачык аянтта талкуулашмак. Мен сиз менен бирге жоопкерчиликтен качып жаткан жокмун. Бул жерде президент өзү жоопкерчиликти алууга даяр экенин айтууда. Буга чейин өкмөт бардыгына, ал эми президент эч нерсеге жооптуу эмес деп эсептешкен. Үч айдын ичинде Конституциялык кеңешме ачык болчу, эмне үчүн ал жакка эл өкүлү болуп барып, өз сунуштарыңызды киргизбедиңиз? Мен бул жерде өз каалоом менен отурган жокмун, бул элдин талабы», – деди.

Акаев анын суроосуна жооп болобу же жокпу деп тактады.

Турусбеков ошол 80 депутаттын баарын чогулуп, алардын кол тамгасы эмес экенин айтышсын деп суранды. Алар катарлаш отуруп, Конституциялык жыйынга барып турушту, деп белгиледи ал.

«Ушул парламент 6 премьер-министрди алмаштырдык баарын мактап алып келебизда, кайра кетиребиз, үчүнчү президент менен иштешип жатабыз. Эми кетээрде бир оң нерсе жасап кетеличи, коомчулукка уят болуп бүттүк», – деди Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости