www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан жүргүзүп жаткан улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган факторлорду алдын алуу жана аларга бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык схемалар аныкталууда.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүсүн жаап-жашырган факттар аныкталды.

Тактап айтканда, коңшу мамлекеттен 55тен ашуун адам келип, Кыргызстандагы ар кандай даректерде убактылуу каттоого алынышкан болчу. Бирок ал тууралуу үй ээлери билген эмес.

«УКМК Кыргыз Республикасынын жарандарына жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет өлкөлүк жарандарды жасалма каттоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөндөр адамдар үчүн да кылмыш жоопкерчилиги каралган жана алар мажбур түрдө депортацияланат.

Сырттан келген коркунучтарды эске алуу менен, мындай аракеттер каттоо кызматынын адистери улуттук коопсуздуктун пайдубалын бузуу үчүн шериктеш болгон деп бааланат», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости