www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.К.И. кармалды, деп билдирди УКМК. «Кармалган жаран К.Асанбектин тапшырмасы менен ар кандай кылмыштарды, анын ичинде опузалоо, тоноо жана башка өзгөчө оор кылмыштарды аткаргандыгы тууралуу маалымат алынган. Мындан тышкары Т.К.И. кылмыштуу топ уюштуруп, алар кылмыштуу идеологияны карманууну улантып, коркунучтуу аракеттерди жасашкан. Т.К.И. 2025-жылдын январында кол салуу уюштуруп, КР жарандарынын 1 млн 300 миң сом акчасын ээлеп алган.
Мындан тышкары коркутуу жолу менен жеке ишкерден 10 миң доллар жана 60 миң долларлык өндүрүш жабдууларын тартып алган. Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкектеги “Халва” кафесинин жанында бычак кол салууга тиешеси бар адамдар да Т.К.И.нин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү болгон. Бычак менен кол салгандар УКМК тарабынан кармалган. 09.04.2025, 15:06 УКМК кылмыштуу топтун лидерин кармады.
УКМК Т.К.И.нын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү боюнча тергөө иш-чараларын улантууда», - деп айтылат расмий маалыматта.
Булак: "barakelde.org"