www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Буга чейин мамлекеттик комитетке уюмдагы коррупция боюнча маалыматтар келип түшкөн. Көптөгөн мыйзам бузуу фактылары боюнча чогултулган материалдардын жана Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен иш козголгон.

"Белгиленген фактылардын бири КПФнын мурдагы төрагасы М.А. кызмат адамдары жана башка жеке тараптар менен алдын ала сүйлөшүп алып, 5 миллион 756 миң 700 сом өлчөмүндө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу максатын көздөгөн. Кыймылсыз жана каржылык мүлккө байланыштуу башка мыйзамсыз аракеттери дагы бар”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, М.А. федерациянын жетекчилигине шайлануу үчүн эмгек китепчесине жалган маалыматтарды жазганы айтылууда.

Белгиленгендей, тинтүү учурунда шектүүнүн үйүнүн жер төлөсүнөн электрондук аппараттар (майнинг-чарба) табылган, алардын мыйзамдуулугу да текшерилет.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде федерациянын мурдагы төрагасы жана анын төрага орун басары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости