www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору кармалды

“Кара-Кече” кенинен көмүр уурдоо боюнча “Кырыз көмүр” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги пайда көрүү максатында “Кара-Кече” кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталды. Кийинчерээк чийки заттар көзөмөлдөгү компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөр, анын ичинде Бишкектеги ЖЭБге сатылган.

“Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 млн. сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган. 2021-жылдын 3-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору “А.К.Ы.” жана “Кара-Кече” филиалынын бухгалтери “Д.Р.Э.” кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости