www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүзүңдү аччы, Гүлчөтай? Баш Мыйзамдын 31, 33-беренелерине ылайык, ар ким өз пикирин ачык билдиргенге, сөз жана маалымдоо эркиндигине укуктуу. Бирок, ал башкалардын инсандык бедел-барктарына, абийирлерине жана намыс-арларына же бирөөнүн эркиндиктери башкалардын эркиндиктерине доо кетирбөөсү зарыл. Инсандын намысы да Баш мыйзамдын, бир катар тийиштүү укукченемдик актылардын тийиштүү беренелери, пункттары менен корголот.
Тилекке каршы, бизде айрымдар Баш Мыйзамдагы 31, 33-беренелерге таянып алып, сөз жана маалымдоо эркиндиктери жөнүндө айтканды, жазганды жакшы көрүшкөн менен ошол эле негизги укук-ченемдик актыдагы “Ар бир адам эркиндикке жана кол тийбестикке укуктуу”, “Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар намысынын корголушуна укуктуу” деген нормаларды көңүлдөн чыгарып коюп жатышат.
Бул өңүттөн алганда, ЖКнын депутаттары Айнура Осмонова менен Гүлшат Асылбаева демилгелеген фейктерге (жалган маалыматтар) каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун парламент тарабынан жактырылып, кабыл алынуусу - учурдагы эң керектүү укук-ченемдик актылардан болуп саналат. Анткени, азыр фейктерди таркатуу коомдогу биринсерин нерселерден эмес, ал - күндөлүк саясаттагы негизги куралдардын, опурталдуу көрүнүштөрдүн бирине айланып бара жатат. Адам кээде жаңылышып жалган маалыматтарды айтып же жазып жибериши мүмкүн. “Жаңылбас- жаак”, мүдүрүлбөс – туяк болбойт”.
Бирок, айрымдар жаңылыштыктан же мүдүрүлгөндөн эмес, фейктерди таркатып, башкалардын арнамысына жана абийирлерине доо кетирүүнү кесип кылып алгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Мурда шайлоолордун алдында саясый партиялардын, топтордун штабдарында фейктерди таркатуунун негизинде атаандаштардын ар намыстарына доо кетирип, алардын шайлоочулардын алдында кадыр-барктарын кетирип, рейтингдерин төмөндөтүү боюнча атайын бригадалар иштешсе, азыр андай жалданма “киллерлер” таасирдүү партиялар түгүл, акчалауулардын көпчүлүгүнүн алдында такай иштеп жатышат. Алар буйрутма материалдарды жазып, ЖМКларга чыгарышат, ойлорунан ар кандай имиштерди чыгарып, социалдык түйүндөргө таркатып турушат.
Фейктерди чыгаруу же жалпак тилге салып айтканда, жалганчылык жана каралоолор, жалаалар менен жан багуу өзүнчө социалдык көрүнүшкө айланып баратса, ага мамлекет жана коомчулук кайдыгер карап тура бериш керекпи? Жок. Биологиялык илдеттердин, дарттардын алдын алуу, катталгандарын дарылоо үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлгөндөй эле, андай көрүнүштүн биротоло коомго сиңип кетишине жол бербөө үчүн бийлик башындагылар, биринчи кезекте эл өкүлдөрү конкреттүү чараларды көрүүлөрү керек.
Биз фейктерге каршы күрөшүү жөнүндө мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу мына ошондой коомдук зарылчылыктан келип чыкты деп ойлойбуз. Бул мыйзам долбоору мурдагы президенттин убагында да кабыл алынган менен ага ошол убактагы Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон эмес. Ал бир чети НПОшниктердин ажылдак-кыжылдактарынан, чет жактардагы акыл үйрөткүчтөрдүн дүжүр насааттарынан чочуласа, экинчи жагынан ушул жактан болсо да либералдуу мамлекет башчысы болуп көрүнгүсү келген.
Бирок, эл мамлекет башчыларын кандай позага тургандыгына же артисттик таланттарына жараша эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кандай конкреттүү иштерди аткаргандыгына карата баалап, илгейт экен, ал кетти. Азыркы мамлекет башчысы андай барксыз-нарксыз популистикке азгырылбастан аталган мыйзам долбооруна кол койсо, коомдун тазарып, жаңылануусуна чоң түрткү берет.
Булак: “Майдан.kg” гезити