www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын төрөт үйүндө толгоосу кармаган 18 жаштагы келин каза болгону белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлер аны сактап калуу үчүн баарын жасашканын белгиледи. Бөлүмдүн башкы адиси Раиса Асылбашева өлүмдүн себебин экспертизадан кийин гана аныктоого болорун айтты. Бирок маркумдун жакындары өлүмгө дарыгерлер күнөөлүү деп эсептешет.
Kaktus.media редакциясынын карамагында күбө тарабынан тартылган видео болгон. Анда кыздын, үй-бүлөсүнүн айтымында, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам каза болгону айтылат.
"Биз Караколдо жүрөбүз, бир кызыбыздан айрылдык. Дарыгерлер аны карабай коюшкан. Мына ушундай дарыгерлердин шалаакылыгынан кырчындай кыздарыбыз каза табууда. Министр каякты карап жүрөт? Эч кимисинин абийири жок экен" - деп видеонун автору ачууланып жатканын байкайсыз.
Видеодо маркумдун туугандарынан акча төрөткө чейин эле талап кылынганы айтылат.
Абайлаңыз, видео таасирдүү жана нерви жукаларга арналган эмес!
Булак: Kaktus.kg