www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын Чүй облусундагы филиалдарынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, от казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы аныкталган.
"Тиешелүү аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик каражатты көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg