www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-сентябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө УКМК төрагасы К.Ташиев 2025-жылдын 20-январында күчүнө кирген "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынганына карабастан, айрым жетекчилер тарабынан кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткарууда көзөмөлдүн начардыгы, өз ишмердүүлүгүндө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган түшүндүрүү, алдын алуу жана талдоо иштеринин жоктугу, ошондой эле иштин аялуу жерлерине кадр дайындоо маселеси начар болуп жатканын белгиледи.

Андан соң УКМК төрагасы К.Ташиев бүгүнкү кеңешменин темасы Чүй облусундагы "Чалдовар-Автодорожный" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал экенин айтты.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрүү пунктунун иш-аракетинин зонасында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери, Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери тартылган контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын алдын ала биргелешкен макулдашуусу аркылуу уюштурулган жаңы туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Тактап айтканда, “Чалдовар-Автодорожный " көзөмөл өткөрүү пунктунун иш зонасында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.

Ошол эле учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336–беренесинде (коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча КР жарандары Ж.Н.Т.,Ш.у.К. (Чалдовар айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты), Т.К.Э. жана Өзбекстан Республикасынын жараны Т.Э.Н. ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоону жүзөгө ашыруу максатында "Жорго ТД" ЖЧКсын жана "Радиант" ЖЧКсын катташып, аталган мамлекеттик органдардын кызматкерлерине "М-Банк" интернет капчыгын толуктоо аркылуу жана КРга товарларды контрабандалык жол менен алып келүүнү жашыруу үчүн накталай формада дайыма пара түрүндө акча каражаттарын берип турушкан.

2025-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ж. жана Э.Т.дан, товарларды мыйзамсыз алып өтүүдөгү орун алган коррупциялык схема, анын ичинде кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс далилдер алынып, жыйынтыгында Салык кызматынын 7 кызматкери, Чек ара кызматынын 6 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 кызматкери жыйын учурунда кармалды.

Аталган коррупциялык схемада «ортомчулар» «ТД Жорго» жана «Радиант» фирмалары аркылуу жасалма маалыматтар менен жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу бир транспорт бирдигине 1500дөн 2000 АКШ долларына чейин акча алышкан.
Мында мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ортосундагы мыйзамсыз сый акынын өлчөмү 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен. Алынган маалыматтар боюнча "Чалдовар Автодорожный" өткөрмө пунктунан мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан күн сайын 80 000 сом чогултулган. Аталган коррупциялык схеманын аракеттери менен республиканын бюджетине миллиондогон зыян келтирилген.
Аны менен катар, генерал-полковник К.Ташиев Чүй облусунун аймагындагы "Ак-Жол Автодорожный" жана "Ак-Тилек Автодорожный" сыяктуу башка көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүк зонасында коррупциялык фактылар бар экендиги тууралуу да ушул сыяктуу маалыматтар түшүп жатканын билдирди.

Буга байланыштуу УКМКнын төрагасы К.Ташиев бардык күнөөлүү адамдарды иштен бошотууну, алардын мүлкүн камакка алууну, бул коррупциялык схемага тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнү, анын жыйынтыгы боюнча аларды камакка алууну, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата ээлеген кызматын кароо жөнүндө сунуштарды берүүнү тапшырды.