www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК мурдагы аялын сабап жүргөн адамды кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна даттанып, А.А.Т. аттуу аял кайрылган. Ал арызында мурдагы күйөөсү Ж.Б.А. өзүн дайыма сабап, психологиялык жактан басынтып келгенин, ажырашып кеткенден кийин да бул иштерин токтотпогонун билдирген.

Атайын кызмат кабалагандай, келинди мурдагы күйөөсү балдарынын көзүнчө бычак, балта менен коркутуп, кичүү уулун бакчадан алып кетип калып, улуу кызына апасын жамандап, уят сүрөттөрдү жиберип турган.

"Жабырлануучу бир нече жолу ички иштер органдарына кайрылып, Ж.Б.Ага карата бир нече ирет админстративдик жаза колдонулган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайында бир нече сутка камалып чыккан соң, ал кайра эле мурунку кылыктарын жасап келген", - деп жазылат маалыматта.

УКМКнын тийиштүү фактыларды текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Мурдагы жубайына жана балдарына жасаган мыйзамсыз жосундары үчүн Ж.Б.А. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК үй-бүлөлүк зомбулукка жол берилбей турганын, мындай фактылар кылдат иликтенип, айыптуулар мыйзамдуу жоопко тартыларын эскертүүдө. Буга чейин атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев ур-токмоктон жабыркаган аялдарды УКМКнын жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылууга чакырган.

ИИМ 2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын, бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көптүгүн маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости