www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Муфтияттын адиси кармалды

Жалал-Абад шаарындагы мечиттин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы үчүн КР Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын (КМДБ) адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК жер мыйзамына байланыштуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы «Соолихин» мечитинин аймагындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен ажыратуу фактылары аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы аталган «Соолихин» мечитинин мурдагы имамы «Б.А.А.», КМДБнын адиси «Б.А.А.» жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы «И.К.А.» менен ич ара коррупциялык схеманы уюштурушкан. Анын натыйжасында мурда мечиттин унаа токтотуучу жайы катары колдонулуп келген аянты 350 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып, андан соң КМДБнын адиси «Б.А.А.»нын менчигине кайра каттоодон өткөрүлгөн. 

Аталган жарандардын бул аракеттеринде одоно мыйзам бузуулар орун алып, ошондой эле аукцион өткөрүү тартиби сакталбаган. Бул көрүнүш кызмат абалынан атайылап кыянаттык менен пайдаланууну жана коррупциялык схеманы ишке ашырууну айгинелейт. 

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КМДБнын адиси «Б.А.А.» КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми мечиттин мурдагы имамы «Б.А.А.» жана мурдагы айыл өкмөт башчысы «И.К.А.»га карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. 

Последние новости