www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК укук коргоо органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен КР ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору Ш.С.К., кармалды.

Кармалган тергөөчү Ю.А.Х., аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У., аттуу жарандан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынынага тергөөчүсү Ш.С.К., жана ортомчу Ю.А.Х., Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча алуу фактылары катталган учурда төмөнкү телефондорго 0312 66 04 75; 62 65 04 кайрылууну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости