www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов тергөө аяктаганга чейин кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Мындай чечимди Ош шаардык соту 14-январда чыгарган.
Шаардык соттун 15-январдагы чечими менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев да тергөө аяктаганга чейин кызматтан алынды.
Экөө тең мектеп курулушуна сарпталган каражатты ашыкча көрсөтүп, сапатсыз курулушту кабыл алган деп шек саналууда. Тургунбаев 6-январда, Сайпидинов 11-январда кармалган.
Андан тышкары, Сайпидинов уюшкан кылмыштуу топ түзүү фактысына байланыштуу да күбө катары өтүүдө. Ош шаардык соту экөөнү тең үй камагына чыгарган.
Булак: NazarNews.kg