www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидинов кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда.

УКМКнын билдиришинче, Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы бир миллион сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле Сайпидинов аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай эксплуатацияга берүүгө макул болгон.

Мындан сырткары, Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы туурасында сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылат. Бул иш боюнча Сайпидинов күбө катары сурак берүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости