www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Чүй облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратында шайлоо мыйзамдары боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн, ШИИБдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча департаментинин жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле аймактагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери видеобайланыш аркылуу катышты.
Тактап айтканда, жыйынга катышкандарга өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын так сактоо зарылдыгы, аны бузууга жол берилбестиги, шайлоо процессине кийлигишпөө, ошондой эле "Шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" жобонун зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саясий нейтралдуулугун сактоо, талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Парламентине ат салышуу үчүн административдик ресурстарды колдонууга тыюу салуу, үгүт иштерине катышуу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын башка жоболорун бузуу талаптары жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле, аларга ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин өздөрүнө бекитилген аймактагы шайлоо процесси үчүн жеке жоопкерчилиги жөнүндө айтылды.
УКМКнын ушундай эле иш-чаралары Чүй облусу боюнча мэриялардын жана райондук мамлекеттик администрациялардын алдында, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызамткерлеринин, 800дөн ашык адамдын катышуусу менен өткөрүлдү, аларга КР шайлоо мыйзамдарынын жогоруда көрсөтүлгөн нормалары жана талаптары да жеткирилди.
Ошону менен бирге, ыкчам чара көрүү жана КР мыйзамдары менен тиешелүү иш- чараларды жүргүзүү максатында КР Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Жумагазиевдин жетекчилиги алдында оперативдүү штаб түзүлдү, ага укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери киришти.