www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот тутумун санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында каралган мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз ири өлчөмдө чыгаруу боюнча сот системасындагы коррупциялык схемалар аныкталды.

УКМК билдиргендей, коррупцияга Жогорку соттун жетекчилигинин, Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин, «Адилет сот» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталды.

Алар «Жергиликтүү сот», «Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри», «Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин Электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү бүчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Ошону менен катар, жасалма кабыл алуу актыларына кол коюу жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын "которуп алуу" менен сот отурумдарын аудио-видео жазуу, автоматташтыруу жана аларды жаздыруу үчүн аппараттык-программалык комплексти сатып алуу процесси да коррупцияга дуушар болгон.

Кылмыш ишинин алкагында сот системасынын 11 кызмат адамы жана жеке бизнестин өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган, алардын ичинен 6 адам буга чейин соттолгондор.

Тергөө учурунда 18 миллион 988 миң 553 сом материалдык зыян келтирилгени аныкталып, аталган сумма кайра мамлекетке кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости