www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК жергиликтүү бийлик органдарынын арасындагы коррупциялык схемаларды аныктоо багытындагы уюштурулган ыкчам иш-чаралардын алкагында, айыл өкмөтүнүн токтомун жасалмалап, 43 жаранга жалпы 10 га 75 сотых жер тилкелери Талас облусунун Айтматов районун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн аймагынан берилгени аныкталган. Ыкчам маалыматка ылайык, жалпысынан 56 жер тилкеси  мыйзамсыз берилип кеткен.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Айтматов филиалынын адиси Э.А.Т. өзүнө карата текшерүүнү токтотуп, жоопкерчиликтен бошонуу максатында пара катары акча каражатын сунуштаган.

2026-жылдын 20-январында КР УКМКнын  кызматкерине 100 миң сом пара берип жатканда, Э.А.Т. кылмыш иштин алкагында кармалды.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата жана кылмыштуулукка катыштыгы бар болгон тиешелүү органдардын кызматкерлерин аныктоо багытында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Последние новости