www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Таласта аткаминерлер кармалды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.Α. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда Талас облусунда жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан атайлап пайдасыз келишим түзүү фактысы аныкталды.

«2026-жылдын жайында Талас облусунда «Мен чемпионмун» спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына 17 миллион 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Бирок мунун 12 миллион сому облустук дене тарбия жана спорт департаментине административдик имарат катары колдонуу үчүн турак жай сатып алууга жумшалган Гурак жай Соода-өнер жай палатасыным вице-президенти Н.Н.Энин жардамы менен атайлап 12 миллион 343 миң сомго кымбат бааланган.

Көз карандысыз баалоо боюнча турақ жайдын орточо базар баасы 7 миллион сомду түзөт. Натыйжада мамлекетке 4 миллион сомдон ашык өзгөчө ири зыян келтирилген.

Буга байланыштуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б. жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалып. Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган», деп айтылат расмий маалыматта

Последние новости