www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу үчүн гибриддик согуштун бардык ыкмасын колдонуп, жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу УКМК билидрди.

Маалыматта Душанбе жаңжалдын чыгышына Бишкекти күнөөлөп жатканы айтылат.

"Бирок тажик тарап алдын ала даярданган. Азыр танкаларды, сооттолгон техниканы, залптык октун "Град" реактивдүү тутумун пайдаланып жатат. Тажикстан шаар, айыл, калктуу конуштарга кол салуу менен чек арачылардан тышкары Куралдуу күчтөрүнүн башка бөлүктөрүн да тартууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты атышууну токтотуп, абалды сүйлөшүү менен жолго салууга чакыруусун улантууда.

Учурда тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.

Тажикстандын аткылоосунан 31 кыргызстандык жарадар болгон.

Белгилей кетсек, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.

Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.

Эске салсак, 14-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу алгач Булак-Башы тилкесинде болгон. Андан соң чатактын очогу Как-Сайда, кийин Паскы-Арык аймагында жанган. Кыргыз тараптан эки жоокер жаракат алган. Андан соң "Самаркандек" заставасынын жанындагы атышууда эки кыргызстандык – бир аял жана бир эркек ок жегени, кийинчерээк 11 жаштагы бала жарадар болгону айтылган.

Учурда облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада иш алып барууда. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости