www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети массалык башаламандык уюштурууга чакырыктарды жарыялаган деп шектелген жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1984-жылы туулган К.Н.Б. аттуу жаран кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Threads социалдык тармагынын колдонуучусу катары системалуу түрдө чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап, таратып жүргөнү аныкталган. Аталган материалдарда массалык башаламандыктарды уюштурууга, мыйзамсыз акцияларга катышууга, зордук-зомбулукка, мүлктү жок кылууга, өрттөөгө жана башка мыйзамсыз аракеттерге чакырыктар камтылганы белгиленет.
Ошондой эле жарыяланган материалдар өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган деп бааланууда.
Тергөө иш-чараларынын алкагында шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш ишине тиешеси бар электрондук маалымат ташуучулар жана башка буюмдар алынган. Учурда тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
УКМКнын маалыматына караганда, сурак учурунда К.Н.Б. мурда аныкталган мыйзамга каршы мазмундагы жарыялоолорго тиешеси бар экенин мойнуна алган.
Азыркы учурда кармалган жаран Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.