www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн боюнча тиешелүү иш-чаралардын алкагында, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) туралуу К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында жеке ишкерликтин өкүлдөрүнөн акча талап кылуу фактылары аныкталды.

Бул ишке байланыштуу жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагындагы 80 гектар жер мамлекеттик баланска кайтарылган.

Учурда КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

 

Последние новости