www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Дружба» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн каржылоо, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш ишин тергөөнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштуу топтордун лидерлерин каржылоого байланыштуу маалыматтар алынган.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айылында жайгашкан «Дружба» эс алуу борборунун мүлктүк комплекси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин» балансына кайтарылды. Анда жалпы аянты 4,5 гектар жер тилкеси жана 16 көрктөндүрүлгөн коттедждер, ошондой эле спорт аянтчалары, футбол аянтчасы жана ресторан орун алган.

Учурда КР УКМК, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Последние новости