www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде адамды күч менен кармап турган төрт киши кармалганын билдирди.

17-январда күч менен кармалып турган жарандын жакындары маалымат жыйынын өткөрүп президентке, УКМКнын төрагасына кайрылышкан. Алар Жалал-Абад облусундагы кылмыштуу топ Ош облусунун эки тургунун күч менен кармап, 800 миң доллар талап кылышканын билдиришкен. Алар кылмышка шектүүлөр кармалып кайра кое берилгенине нааразы болушкан.

Атайын кызматтын маалыматында күч менен кармалып турган М.А. аттуу жаран кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан, буга байланыштуу кылмышка шектүүлөрдүн бөгөт чарасы аныкталган эмес. Арыз ээлери 18-январда тергөөгө келгендиктен алардын катышуусу менен бардык тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп кылмышка шектүү А.М., М.К., Р.И. жана А.Я. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Былтыр октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости