www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, «Туңгуч» кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган, тагыраагы болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган. 

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Ы.Ж.С. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турганда (азыркы учурда Бишкек шаарынын мэринин орун басары) жеке баюу максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, жогоруда аталган коммерциялык объекттерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөткөн, алар Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын уруксат берүүчү документтери жок иштеген, буга байланыштуу жергиликтүү бюджетке ижара төлөмдөрүнүн түшпөй, олуттуу зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамынын көрсөтүлгөн аракеттери Тунгуч кичи районунун жашоочуларынын арасында нааразылыкты жараткан. Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясы тарабынан сейил багын жана балдар ойноочу аянтчаны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылган. Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан объекттер демонтаждалып, балдар аянтчасынын курулушу башталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча бул участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 млн.979 миң 889 сом зыян келтирилген.

2025-жылдын 16-июлунда чогултулган материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. жана жаран В.Н.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Последние новости