www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеке менчик медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү, деп билдирди УКМК.
«Медициналык кызмат көрсөтүү рыногундагы ири жеке менчик медициналык мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Иш-чарада калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапаты жана алардын баасы талкууланып, жыйынтыгында бир нече ири компаниялар менен томографиялык изилдөөлөрдүн бааларын 20%га чейин төмөндөтүү макулдашылды. Алар: «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейжи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тижарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди», «Веданта». Ал эми «Кортекс неврологиялык борбору» бааны 30%га чейин төмөндөтмөй болду», - дейт атайын кызмат.
Булак: NazarNews.kg