www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК “жер мафиясынын” беш мүчөсү кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунда жерлерди мыйзамсыз саткан деген шек менен Кадастр органдарынын, Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жооптуу беш кызматкери кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, “жер мафиясынын” мүчөлөрү 2010-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик жана муниципалдык жер тилкелерин жасалма документтер менен менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткен фактылар аныкталган.

Анын негизинде базар баасы 52 миллион сомдон ашык 58 гектарга жакын айыл чарба багытындагы жер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени такталган.

28-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусу боюнча бул ишке тиешеси бар делген 13 адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, кармалган беш адам Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК тергөөдө калган сегиз кишинин аракетине да юридикалык баа берилерин билдирди. Кармалган шектүүлөр азырынча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости