www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын ардагери Замир Сабаев көз жумду

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын ардагери, запастагы генерал-майор Сабаев Замир Шекеновичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, генерал-майор Сабаев З.Ш. 1969-жылы 10-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук органында кызматын 1992-жылдын декабрында баштаган. Ал нөөмөт комендантынын жардамчысы кызматынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын 9-башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары –жетекчилигине чейин жеткен.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органында - мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн мезгилде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объектилеринин коопсуздугун камсыз кылууга зор салым кошкон.

2004-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн демилгеси жана кесипкөйлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана тиешелүү ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

З.Ш. Сабаев боорукер жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ардагерибиздин жаркын элеси биздин эсибизде ушул бойдон сакталып калат!

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости