www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Даниел Рысалиев үй камагына чыгарылды. Чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Соттун маалыматы боюнча, Даниел Рысалиев 11-июнга чейин үй камагында болот.

Ушул эле баш коргоо чарасы экинчи айыпталуучуга, УКМКнын Ысык-Көл башкармалыгынын мурдагы башчысы Урмат Нарбаевге да колдонулган.

Эскерте кетсек, Даниел Рысалиев кечээ кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына алып келинген. Расмий өкүлдөр азырынча иш кайсы берене боюнча жүрүп жатканын же анын учурдагы абалын жарыялай элек.

Ал эми, AKИpressтин маалыматы боюнча Рысалиев жана Нарбаев коррупцияга шектелүүдө.

Последние новости