www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орхан Инандынын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуудагы мыйзамдууук жөнүндө күбөлүк бар. Кылмыш иши 2019-жылы эле ачылган, деп билдирди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 8-июлда маалымат жыйынында.
Ташиевдин айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 2019-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча 320 б. 2 б (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө.
«Биз Кыргызстандын жарандыгын алуунун мыйзамдуулугун текшердик, тергөө жүрүп жатат. Бүгүн мен бардык маалыматты бир бөлүмдө чогултуш үчүн,бул ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү чечтим. Ал аталган паспортту ар дайым, айрыкча Батыш өлкөлөрүнө саякаттап жүргөндө колдонгон. Анын кош жарандыгы болгон: ал биздин паспортту дагы, түрк жаранынын дагы паспортун колдонгон. Бул жерде ал мыйзамды бузган. Эгер ал ушул жерде болсо, биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз», - деди Ташиев.
Ал Орхан Инандыда 2024-жылга чейин күчүндө турган Түркиянын паспорту бар экендиги жөнүндө маалыматты бар экендини билдирди.
Булак: NazarNews.kg