www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда УКМКнын экс-жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу “Новости” Telegram-каналы билдирди.

Карим Масимов мамлекетке чыккынчылык кылган деп кармалганы такталган.

«Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы, массалык башаламандыктар башталгандан кийин кызматынан бошотулган, мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен кармалып, СИЗОго киргизилди», — деп жазат Telegram каналы.

Эске сала кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындык менен турукташууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости