www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Казакстанга аскерлерди жиберүү боюнча кабыл алынган чечим тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу мекендештер!

Мен бүгүнкү кырдаал боюнча түшүндүрмө берейин деп чечтим, биз дагы так ушундай башаламандыкты басып өттүк, анан кантип жай тургундарды талап-тоноого, өлтүрүүгө бармак элек. Четте унчукпай карап турган болбойт. Баары баштагы калыбына келгенден кийин гана өздөрү андан аркысын эптеп кетишет. А азыр көптөгөн аң сезимдүү жарандар тынчтыкты каалап турганда жардам беришибиз керек. Коңшу өлкө жардам сурап жатат, четте туруу туура келбейт, биз ошол аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн аракет кылабыз. Мен биздин өлкөбүздүн жарандарын түшүнүп турам, баарыбыз кабатыр болуп жатабыз. Мени баарыңыздар туура түшүнөсүздөр деп ишенем, мен дагы адаммын, абдан санааркап жатам, азыр тез жана ыкчам аракет кылуу керек. Өтө маанилүү маселени чечүү үчүн ооруканадан толук айыга элек жатып чыгууга туура келди. Ооруп калганым үчүн кечирим сурайм, рахмат", деп жазган Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости