www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин аскерлери Запорожье облусунун Токмак шаарын кассеталык бомбалар менен аткылашты. Бул тууралуу РИА Новости шаардын оперативдүү кызматына таянуу менен билдирди.

"Саат 17:15те нацисттик Киев режиминин согушкерлери Токмакты аткылоого алышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, душман кассеталык бомбаларды (чачырап жарылган ок-дарылар) колдонгон", - деп айтылат маалыматта. 

Кассеталык бомбалар шаардан Васильевкага чыга берген жактагы тоок фабрикасынын районуна тийгени айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Джо Байден Украинага кассеталык бомбаларды бере турганын жарыялаган. Мындай типтеги снаряддарга 123 мамлекет ратификациялаган эл аралык конвенция тыюу салат. Ал өлкөлөрдүн арасында АКШ, Кытай, Россия жана Украина өзү да бар. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, украиналык аскерлер аны Донецкиде үч ирет колдонгон.

Кассеталык бомбалар өзү жок болуп кетпейт. Америкалык аскерлердин айтымында, алардын бештен 14 пайызга чейинки бөлүгү такыр жарылбай калышы мүмкүн. Буга алардын кампада бир топ убакыттан бери жатканы себеп болот. Мындай болгон учурда алар согуштан кийин жөнөкөй жүргөн эл үчүн кадимки минадай эле кооптуулук жаратып калат.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгерде АКШ Украинага аталган снаряддарды жөнөтө турган болсо, россиялык аскерлер ошондой эле куралдарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнө колдонууга мажбур болорун эскерткен.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости