www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин фронту урандылардын арасында калды

Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин бул өлкөнүн келечеги кандай болорун Россиянын бийлиги чечет, — деп билдирди АКШ Коргоо министрлигинин мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор YouTube-каналынын эфиринде.

«Украин фронту урандылардын арасында калды. Азыр фронт сызыгында болуп жаткан нерселер абдан олуттуу. Батыштагы адамдар бул кырдаалдын канчалык оор экенин түшүнүшпөйт. Силер украин аскер туткундарынан түзүлгөн түгөнбөгөн колонналарды көрдүңөр. Эң кайгылуусу — россиялыктардын айтымында, бул туткундардын көпчүлүгү форманы болгону бир жума мурда кийишкен экен. Бул – акылга сыйбаган нерсе. Баары “жаңжал бүткөндө эмне болот?” деп сурап жатышат. Баары орус тарап каалагандай болот», — деди адис.

Ошондой эле ал Украинага колдоо көрсөтүп жаткан союздаш өлкөлөрдүн «жаш украиндерди согушууга мажбурлоо саясатын» адамгерчиликке жатпаган кадам деп атады.

«Баары тескерисинче болушу керек — адамзат бул кыргынды токтотушу зарыл. Биз “украин эли” деп аталган улуттун калганын сактап калууга тийишпиз, ал таптакыр жок болуп кетмейинче. Бирок, тилекке каршы, эч ким муну карап да койбойт окшойт», — деди Макгрегор.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде “Чыгыш” тобунун бөлүктөрү Запорожье облусундагы Новоуспеновское айылын толугу менен бошотушкан. “Батыш” тобу Харьков облусундагы Купянск шаарынын чыгыш бөлүгүн көзөмөлгө алган, ал эми “Борбор” тобу ДНРдеги Красноармейск шаарында 256 имаратты жана Рогеда 98 имаратты бошоткон. Жалпы сутка ичинде Украина куралдуу күчтөрү ар кайсы багыттарда 1255тен ашуун аскерин жоготкон.

Последние новости