www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы “техникалык тыныгуудан” кийин 15-мартта кайра уланат. Тынчтыкка жетишүү маселеси эртең жыйынтыктала турган болду. Бул тууралуу эки тараптын делегация мүчөлөрү ырасташканын Азаттык жазып чыкты.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин улук кеңешчиси Михайло Подоляктын айтымында, бул тыныгуу "жумушчу топтор иштеп, кеңешүүсүнө кошумча убакыт берүү жана аныктамаларды тактоого" мүмкүндүк берет.

Подоляк сүйлөшүүдө ок атышууну дароо токтотуу, орус аскерлерин өлкөдөн токтоосуз түрдө чыгарып кетүү жана коопсуздук кепилдигин алуу боюнча оор талаш-тартыштар болгонун айтты.

Мурунку сүйлөшүүлөрдө тараптар алдыга жылыштар болбогонун, бир чечимге келүү кыйын болуп жатканын белгилешкен. Анын айынан жүз миңдеген адамдар тамак-аш, суу жана дары-дармектин тартыштыгына дуушар болгону айтылган эле.

Бул жолугушуунун алдында "РИА Новости" агенттиги орусиялык делегат Леонид Слуцкийге шилтеме жасап, "буга чейинки тынчтык сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыштарга жетишилгенин жана делегациялар жакын арада келишимдин макулдашылган долбооруна жетишиши мүмкүн экенин" жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости