www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен Орусиянын өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду кайра жандантуу күчтүү сүйлөшүү позициясы менен гана мүмкүн, азыр сүйлөшүүлөрдөгү тыныгуу Донбасстагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, - деди украин делегациясынын башчысы Давид Арахамия.

«Биздин сүйлөшүү позициябыз бекемделгенде сүйлөшүүлөр улантылышы керек. Баарыдан мурда Батыш мамлекеттеринин курал-жарактарды «жетиштүү өлчөмдө» келиши Киевдин сүйлөшүүлөрдөгү позициясын чыңдоого жөндөмдүү. Биздин куралдуу күчтөр аны колдонууга даяр. Ошондон кийин, менимче, биз сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын күчөтүлгөн сүйлөшүү позициясынан баштасак болот», - деди Арахамия.

Украин делегациясынын башчысы белгилегендей, орус күчтөрү учурда конуштарга көзөмөл орнотууну улантып жатат. Ал мындай деп белгиледи: «Биз алдыга бир кадам — эки кадам артка кетип жаткан учурда, мен мындан аркы сүйлөшүүлөрдү баштоого эч кандай негиз көрбөй жатам».

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости