www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Жогорку Радасына Беларусту агрессор мамлекет катары таануу боюнча сунуштун долбоору киргизилди. Украин парламентарийлери өлкө бийлигине коңшу өлкөнүн мындай статусун улуттук деңгээлде бекемдөөнү гана эмес, ошондой эле түрдүү эл аралык уюмдарга, анын ичинде БУУга, Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясына, НАТОго кайрылууну сунушташты. 

«Мен Украинанын Жогорку Радасындагы кесиптештерим менен Беларусту агрессор өлкө катары таануу боюнча резолюциянын долбоорун каттадым», - деп билдирди украин парламентинин «Голос» партиясынын депутаты Ярослав Юрчышин өзүнүн Telegram каналында. Бийликтеги украиналык “Эл кызматчысы” партиясынын депутаттары мыйзам долбоорун колдоого даярбы же жокпу тактала элек.

Юрчишиндин айтымында, Беларус Орусиянын Украинадагы аскерий операциясына көмөктөшүүдө, ал эми өлкөнүн бийликтери «орусиячыл баяндарды» колдоп, Москванын аракеттерин «актап жатышат».

Долбоордун авторлору Украинанын өкмөтүн өлкөнүн Беларус менен дипломатиялык алакасын токтотуу маселесин иштеп чыгууга чакырууга ниеттенүүдө. Долбоордо Киевдин эл аралык өнөктөштөрүн Минскке кысымды күчөтүүгө, анын ичинде кошумча санкцияларды киргизүүгө чакырат.

Мыйзам долбоорун кароо датасы белгисиз. Украин өкмөтү жана президент Владимир Зеленскийдин кеңсеси берилген документ боюнча комментарий берген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости