www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина Орусиядан өзүн-өзү жарыялаган Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын таануу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ошондой эле Москва Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө кайтуусун талап кылууда, деп билдирди Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица.
«Биз Орусиядан ДЭР менен ЛПРди таануу чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле сүйлөшүү үстөлүнө кайтууну талап кылабыз. Биз Украинанын аймагына орусиялык кошумча оккупациялоочу күчтөрдү жайгаштыруу буйругун айыптайбыз», - деди Кислица.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталгандыгын билдирген. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg