www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Украина менен тынчтык сүйлөшүү өтө турчу күндү, жолугушууну ордун жана өкүлдөрдүн курамын талкуулай баштады. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц билдиргенин «Reuters» маалымдады. Маалыматка ылайык, мындан соң Киевге аскердик жардам кайра жанданышы мүмкүн.

Уолтц Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү пикир келишпестик боюнча өкүнгөн билдирүүсүн «жакшы, позитивдүү биринчи кадам» деп баалаган.

Америкалык жана украиналык делегациялардын жолугушуу планы тууралуу маалыматты Владимир Зеленский да ырастады.

«Бүгүн биздин өкүлдөр - Украина жана АКШ жолугушуунун үстүнөн иштей баштады. Андрей Ермак менен Майкл Уолтц сүйлөштү, оң жылыш бар. Кийинки жумада биринчи жыйынтыктарды күтөбүз», - деген а кечки кайрылуусунда.

Последние новости