www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттер Украинадагы согушта набыт болгон 45 миң 123 орусиялык аскердин аты-жөнүн аныкташты. Жоготууларды Би-Би-Синин орус кызматы менен Mediazona басылмасы ыктыярчылар менен бирге эсептеп чыгышкан.

Каза болгондордун үчтөн экиси согушка чейин армия менен байланышы болбогондор: ыктыярчылар, аскерге милдеттүүлөр, мурдагы туткундар жана жеке аскер компанияларынын мүчөлөрү. Мобилизацияланган 5406 адамдын 80% согуштун экинчи жылында каза болгон.

Өлгөндөрдүн саны боюнча Краснодар крайы, Свердлов облусу, Башкырстан жана Челябинск облустары алдыңкы орунда.

Журналисттер өз эсептөөлөрүн ачык булактардын – жергиликтүү администрациялардын, массалык маалымат каражаттарынын жана каза болгондордун жакындарынын отчеттору, ошондой эле көрүстөндөрдүн маалыматтары аркылуу жүргүзүшөт. Алардын пикиринде, жоготуулардын реалдуу көрсөткүчү кеминде эки эсе көп болушу мүмкүн.

Москва менен Киев өз жоготууларды ачыкка чыгарбай, бири-биринин жоготуулары тууралуу гана айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости